«Асман аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясынын Dash 8 Q400 учагы Бишкек-Каракол багыты боюнча кечээ алгачкы рейсин жасады.
Ысык-Көлдүн облус борборунда капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин эл аралык аэропорттун расмий ачылышы болду.
«Манас» эл аралык аэропорту" ААКсы аба каттамдары жакынкы күндөрү башталарын, биринчиси 22-декабрга пландалганын билдирди. Бишкек-Каракол аба каттамына билеттердин баасы белгилүү болду. Ал 3 миң 100 сомду түзөт.