23:21
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Экономика министрлиги жыл аягына чейин ИДПнын көлөмү 1,4 трлн сом деп болжолдоду

Экономика жана соода министрлиги 2024-жылдын аягында ИДПнын көлөмүн 1,4-1,5 триллион сом чегинде болжолдоодо. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Данияр Амангелдиев Бишкекте журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, ири каржы уюмдары да ИДПнын өсүшү боюнча оң прогноздорду берип жатышат. Алсак, Евразия өнүктүрүү банкы өсүш темпин 8,7 пайыз чегинде, Дүйнөлүк банк 5,5 пайыз чегинде, Эл аралык валюта фонду 5 пайыз чегинде болжолдоодо.

Данияр Амангелдиев ошондой эле инфляция максаттуу диапазондо болорун белгиледи.

Эске сала кетсек, ЕӨБ болжолу боюнча Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,7 пайызды түзөт. Инвестициялык активдүүлүк негизги кыймылдаткыч бойдон кала берет. Кошумчалай кетсек, Улуттук банк инфляцияны 5-7 пайыз максаттуу деңгээлде болжолдоп жатат. Белгилей кетсек, 11 айдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүү темпи 9 пайызды түзүп, дүң продукциянын көлөмү 1,2 триллион сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар