Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-декабрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6, күндүз −2 ... +3,
Талас облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз −2 ... +3,
Баткен облусунда түнкүсүн −1...-6, күндүз + 1... + 6,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +2...+7,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −3...-8, күндүз 0 ... +5,
Нарын облусунда түнкүсүн −12...-17, күндүз −2 ... −7.
Бишкекте жаан-чачын болбойт, мезгил-мезгили менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн −3...-5, күндүз 0...+2 градуска жетет.