08:06
USD 86.80
EUR 91.06
RUB 0.82

5-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 5-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +4...+9,

Талас облусунда түнкүсүн −1...-6, күндүз +3...+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...+2, күндүз +4...+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −4...-9, күндүз +2...+7,

Нарын облусунда түнкүсүн −9...-14, күндүз −1...+4.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн −2...-4, күндүз +7...+9 градус жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар