13:16
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Арстанбап жана Сары-Челек токойлоруна объектилерди курууга тыюу салынабы?

Арстанбап жана Сары-Челек токойлорунда объектилерди курууга тыюу салуу каралмакчы. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев коомдук талкууга алып чыкты.

Депутат жаңгак дарактарды сактап калуу үчүн Токой кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

Мыйзам долбоорунда Арстанбап жана Сары-Челек токойлорунда өзгөчө укуктук статуска ээ болгон токой жерлерин берүүгө, ар кандай курулуштарга, өндүрүштүк объектилерди жана жабдууларды жайгаштырууга тыюу салуу каралган.

Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоору экологиялык туризмди өнүктүрүүгө, жергиликтүү калкты туристтик инфраструктураны калыптандырууга тартууга жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылууга, аймактын табигый, тарыхый жана маданий кооз жерлери менен тааныштырууга багытталганын баса белгиледи. Мындан тышкары экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик трассаларды жана унаа токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу, туристтик объектилерди (музейлер жана ачык асман алдындагы көргөзмөлөр, боз үйлөр, чатырлар, маркеттер) жайгаштыруу каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар