18:46
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Тротуарда болот. Аткаминерлер скутерлерди кантип колдонуунун эрежесин аныкташты

Бишкек шаарынын мэриясы чакан транспорт каражаттарын эксплуатациялоого байланыштуу ишин жөнгө салуу тартибин иштеп чыкты. Токтом долбоору коомдук талкууга жарыяланды.

Ал жөө жүргүнчүлөр жана жеке мобилдик каражаттарды пайдалануучулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле скутерлерди, электр чыгырыктарын колдонууга жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга багытталган.

Мэрия скутерлер, электр велосипеддери жана башка ушул сыяктуу каражаттардын кеңири жайылгандыгын эске алуу менен аларды пайдалануунун жана ижарага берүүнүн так эрежелерин иштеп чыгуу зарылдыгын билдирет.

Скутерлерди жана мотороллерлерди пайдалануучулар жөө жүргүнчүлөргө тең деп эсептелгендиктен, алар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор менен жүрүшөт, бирок мыйзамдарда жөө жүргүнчүлөр үчүн так жүрүү эрежелери белгиленген эмес.

Тиешелүү токтом долбооруна ылайык, скутерлерди ижарага алуу бизнесинин ээлери тормоздорду, дөңгөлөктөрдү, аккумуляторлорду жана башка маанилүү тетиктерди текшерүүнү камтыган үзгүлтүксүз текшерүү, техникалык тейлөөнү жүргүзүшү керек, ижарачыларга аны кантип коопсуз колдонуу керектиги боюнча нускамаларды бериши керек.

Долбоор ошондой эле, самокат жана скутерлерди ижарага алган адамдарды аны пайдалануу учурунда жаракат алса, зыяндын ордун толтурууну камсыздоо үчүн камсыздандыруу келишимдерин түзүүгө милдеттендирүүнү сунуштайт.

Электр чыгырыктары каттоо номери, фонарик, арткы жарыктары, алдыңкы рефлектор, каптал чагылдыргычтар менен жабдылышы керек.

Документтин долбоорунда скутерлерди жана мотороллерлерди колдонуучулар үчүн эрежелер да көрсөтүлгөн.

Маселен, шаарда самокат жана скутерлер үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдык саатына 25 чакырымды, турак жайлар жайгашкан аймакта саатына 20 чакырым, эл көп топтолгон аймактарда 5-10 км/саат болушу керек.

Элекстросамокат жана скутер пайдалануучулар жол эрежелерин сактоого милдеттүү.

Самокатты же скутерди веложолдо гана айдоо керек, тротуар менен жүрүүгө веложол жок болгон учурда гана жол берилет.

Самокат же скутер тээп бараткан адам жолду кесип өтүүдө жөө өтмөктүн алдына токтоп, скутерден түшүп, жөө өтүшү керек.

Бир электросамокат же скутерге бир гана адам отурушу керек. Мас болуп айдаганга болбойт.

Коргоочу шлемди жана тизе жабдыктарын кийүү бардык колдонуучулар үчүн милдеттүү.

Скутер же ушул сыяктуу техниканы атайын жайларга гана коюу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар