Министрлер кабинети Талас районундагы аты жок эң бийик чокуга «Бакай-Ата» атын берүүнү сунуштоодо. Министрлер кабинети мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
Документ Кыргыз Республикасынын Талас облусу, Айтматов районундагы Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркаларынын бийиктиги 4 миң 457 метр болгон эң бийик аты жок чокуга «Бакай-Ата» географиялык аталышын берүү максатында иштелип чыккан.
Бул чоку Кара-Сай айылынын борборунан 32 чакырым, райондун борборунан 62 чакырым алыстыкта жайгашкан.
«Бакай — «Манас» үчилтигинин башкы каармандарынын бири... Эл агартуу тармагынын башында турган жоокер, даанышман, ойчул жана насаатчы, ... душмандары шылдыңдап жаткан Чыйырды менен Каныкейге жардам берип, баланы алып, Букарга качууга кам көрүшөт. Семетей 12 жашка чыкканда ага жардамчы болуп, душмандарын айтып, аларды кантип жок кылуу керектигин айтат. «Сейтек» бөлүмүндө Манас баатырдын урпактарына кам көргөн 90 жаштагы акылман карыянын элеси чагылдырылган. Жергиликтүү тургундар жыйын өткөрүп, эң бийик чокуга «Бакай-Ата» атын берүүнү колдошту», — деп түшүндүрөт демилгечи.