17:41
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

2025-жылы Орусиянын ЖОЖдоруна кыргызстандык абитуриенттер үчүн 700 квота бөлүндү

2025-жылы Орусиянын ЖОЖдоруна кыргызстандык абитуриенттер үчүн 700 квота бөлүнгөн. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов «Россия 24» телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Россиянын ЖОЖдорунда Кыргызстандан 16 миңге жакын студент билим алууда, анын 7 миңи бюджеттик негизде.

Дипломаттын айтымында, мектеп бүтүрүүчүлөрү Россиянын ЖОЖдоруна окууга барууга кубанычта жана Кыргыз Республикасындагы орус билими чоң кадыр-баркка ээ.

Сергей Вакунов ошондой эле Кыргыз-Орус Славян университетинин кампусу курулгандан кийин бул жерде 15 миң студент билим ала аларын билдирди. Азыр анда 7 миң 761 адам билим алууда.

Эң көп окулган жаңылыктар