22:31
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бүгүн Баткенде жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында бүгүн саат 04:53тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Лейлек айылынан түндүккө карай 6 чакырым, Рават айылынан түндүн-батышка карай 8 чакырым, Катран айылынан түндүк-чыгышка карай 13 чакырым, Сүлүктү шаарынан чыгышка карай 45 чакырым жана Баткен шаарынан түштүк-батышка карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу пунктары — Лейлек, Рават, Кара-Суу, Коргон, Катран айылдарында 3,5 баллга жакын, Берик-Суу, Кызыл-Чарба айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Эң көп окулган жаңылыктар