23:22
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Он айдын ичинде айыл чарба ИДПсы 106,1 пайызга өстү

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 106,1 пайызга, кайра иштетүү өнөр жайы 122 пайызга өскөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасады.

Ал белгилегендей, негизги азык-түлүктүн тогуз түрүнүн ичинен алты түрдөгү муктаждык ата мекендик өндүрүштүн эсебинен камсыздалат. 2028-жылга чейин министрлер кабинетинин башчысы калктын керектөөсүн продукциянын сегиз түрүн ата мекендик өндүрүштүн эсебинен камсыз кылууга убада берди.

«Пилоттук негизде Түп, Сузак жана Кочкор райондорунун ички каналдары жана суу түтүктөрү мамлекеттик баланска өткөрүлөт. Буга чейин алар ар кандай бирикмелердин балансында болушкан», — деди Акылбек Жапаров депутаттарга.

Эң көп окулган жаңылыктар