18:31
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

13-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн −1...+4, күндүз +1...+6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −3...+2, күндүз 0...+5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +5...+10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −3...+2, күндүз +4...+9,

Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +4...+9.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1...3, күндүз 2...4 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар