Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы (Азербайжан Республикасы) Олимпиада стадионуна келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Саммиттин негизги темаларына парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды, климатты каржылоо маселелерин, энергетикадагы технологиялык инновацияларды, жаш муундарга билим берүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоо кирет.
Иш-чарага 50 миңден ашык адам, анын ичинде 100дөн ашуун өлкөнүн лидерлери катышууда. Кыргызстандын президентин жана башка делегаттарды Азербайжандын башчысы Илхам Алиев жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты. Садыр Жапаровду жубайы Айгүл Жапарова коштоп жүрөт.
Саламдашуу аземинен жана топтук сүрөттөрдөн кийин дүйнө лидерлери Дүйнөлүк лидерлердин Климат аракеттери боюнча саммитин ачуу үчүн жыйындар залына киришти.
Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги сегментте улуттук билдирүү жасап, анда климаттык күн тартибинин негизги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын көз карашын көрсөтөт. Мамлекет башчысынын мындай олуттуу эл аралык платформага катышуусу өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгелерге берилгендигин тастыктайт.