Кыргызгидромет билдиргендей, 6-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +14...+16,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +10...+15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +12...+17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14,
Нарын облусунда түнкүсүн −3...+2, күндүз +5...+10.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +14...+16 градус болот.