21:16
USD 85.80
EUR 93.14
RUB 0.88

2-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 2-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана түшкө чейин Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу аймактардагы жолдо тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +14...+19,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +13...+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +15...+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1...+4, күндүз +10...+15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +8...+13.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +16...+18 градус жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар