Президент Ички иштер министрлиги менен УКМКнын мурдагы беш кызматкерин генералдык наамынан ажыратты. Тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 10-октябрында Садыр Жапаров кол койгон.
Ошентип, генерал наамынын ажыратылгандар:
Алмазбек Орозалиев милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды;
Фото Интернеттен алынды. Алмазбек Орозалиев - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары
Мирлан Каниметов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды;
Фото Интернеттен алынды. Мирлан Каниметов - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары
Малик Нурдинов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды;
Талантбек Салиев генерал-майор наамынан ажыратылды;
Фото Интернеттен алынды. Талантбек Салиев - УКМКнын тогузунчу кызматынын (күзөт кызматы) мурдагы жетекчиси
Санжарбек Эркинбаев генерал-майор наамынан ажыратылды.
Убагында Ички иштер министрлигинде жана УКМКда кызматтарды аркалаган бул аткаминерлердин наамдарынан ажыратылышы алардын мыйзамсыз дайындалышы менен байланыштуу. Ал буйруктар жокко чыгарылат.

