22:17
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

29-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билидиргендей, 29-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар түшөт жана айрым жерлерде туман болот.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз +5...+10,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −3...+2, күндүз +5...+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +9...+14,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −1...+4, күндүз +5...+10,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн −1...+1, күндүз +6...+8 градус жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар