23:54
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Эртең менен кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде жер титирөө болду

Бүгүн, 24-октябрда эртең менен кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жакын жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 4.49да катталган. Кытайда жер титирөө болду.

Жер титирөөнүн очогу Бедел айылынан 26 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 80 чакырым түштүк-чыгышта жана Каракол шаарынан 132 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Бедел айылында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар