14:54
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

24-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-октябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаап, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлеринде туман түшөт.

Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +6...+11,

Талас облусунда түнкүсүн 0... +5, күндүз +5 ... +10,

Баткенде түнкүсүн +3... +8, күндүз +14...+19,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4... +9, күндүз +15...+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1... +4, күндүз +9 ... +14,

Нарын облусунда түнкүсүн −4...+1, күндүз +8 ...+13.

Бишкекте жаан жаашы мүмкүн, эртең менен жана түнкүсүн туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +8...+10 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-октябрь, дүйшөмбү