23:26
USD 87.44
EUR 89.38
RUB 0.85

23-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +7...+12,

Талас облусунда түнкүсүн +3... +8, күндүз +6 ... +11,

Баткенде түнкүсүн +7... +12, күндүз +12...+17,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +13...+18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1... +6, күндүз +14 ... +19,

Нарын облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз +12 ...+17.

Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +10...+12 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар