02:27
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

22-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +13...+18,

Талас облусунда түнкүсүн +3... +8, күндүз +12 ... +17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +18...+23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1... +6, күндүз +14 ... +19,

Нарын облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз +14 ...+19.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +16...+18 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар