23:19
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

20-октябрда саат 23:44тө кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоолорунда, тагыраак айтканда Нура айылынан түштүк-батышка карай 29 чакырым, Эркечтам айылынан түштүк-батышка карай 35 чакырым, Көк-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 34 чакырым, Бор-Дөбө айылынан чыгышка карай 35 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пунктары — Нура, Икизяк, Эркечтам айылдарында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Эң көп окулган жаңылыктар