21:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте УКМКнын академиясы ачылды. Салтанатка Садыр Жапаров катышты

Президент Садыр Жапаров Бишкекте УКМКнын генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы академиясынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы катышуучуларды Академиянын ачылышы менен куттуктап, дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканына көңүл бурдурду. Ал ыкчам кызматкерлердин күжүрмөн кесиптик даярдыгынын, талдап-ой жүгүртүүсүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында Академия түзүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан.

«Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болмокчу. Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат», — деди Садыр Жапаров.

Президент ушул убакка чейин өлкөбүздүн улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын адистештирилген аскердик окуу жайларында окуп келишкенин эске салды.

Академия мындан сырткары, чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Мында аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттө окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык мөөнөттөгү кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулган.

Эң көп окулган жаңылыктар