14:05
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргыз-кытай чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Бүгүн, 17-октябрда саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 80 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 150 чакырым жана Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 153 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункттарында — Бедел, Ыштак, Кара-Сай айылдарында жер титирөөнүн күчү — 4 балл, ал эми Кумтөр кенинде 3 баллга чейин сезилген.

Эң көп окулган жаңылыктар