21:22
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

17-октябрда күтүлгөн аба ырайы

17-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан аралаш кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Республиканын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1...+6, айрым аймактарында −2 суук болуп үшүк жүрөт, күндүз +4...+9

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −3...+2, күндүз +5...+10

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +11...+16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1...+4, күндүз +4...+9

Нарын жергесинде түнкүсүн −4...+1, күндүз +3...+8

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, карга айланышы мүмкүн, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1...3°, күндүз 7...9° жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар