22:13
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

16-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет маалыматына караганда, 16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 3...8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −1...+4, күндүз 1...6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 9...14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9.

Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2...4°, күндүз 5...7° жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар