22:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ажылык — 2025. Зыяратчылар үчүн кийимдердин дизайнына сынак жарыяланды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2025-жылы ажылыкка бара турган зыяратчылардын кийим-кечелеринин дизайнына сынак жарыялады.

Муфтияттан билдиришкендей, арыздар жана документтер 25-октябрга чейин берилиши керек. Ал эми сынак 14-ноябрда өтөт.

Сынакка катышууну каалагандар Ажылык сапарды уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчисинин атына арыз берип, экономикалык кылмыштар үчүн соттолбогондугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөөлөрү, ошондой эле башка талаптарды аткаруулары керек.

Буга чейин муфтият ажылыкка катышуу үчүн РСК банкка 3 миң 258 адам 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң 200 сом өлчөмүндө алгачкы салым кошконун билдирген.

Эске салсак, Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргыз Республикасынан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота бөлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар