18:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын айрым облустарында үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-17-октябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: 15-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

17-октябрда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Ал эми 16-17-октябрларда абанын температурасы мындан ары төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6°, күндүз 3...8°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн −3 сууктан ...+2° жылуулука чейин, күндүз 3...8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3...8°, күндүз 10...15°, тоо этектеринде түнкүсүн −4 сууктан ...+1° жылуулука чейин, күндүз 1...6°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −5...-10°, күндүз 0...5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −1 сууктан ...+4° жылуулука чейин, күндүз 3...8°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −4 сууктан ...+1° жылуулука чейин, күндүз 2...7°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн −1...-6°, күндүз 0...5°, бийик тоолордо түнкүсүн −8...-13°, күндүз −3...-8° төмөндөйт.

Өлкөдөгү мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

17-18-октябрларда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошкага зыянын тийгизет.

Эң көп окулган жаңылыктар