18:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда биринчи санариптик мектеп ачылды

Кыргызстанда биринчи жолу санариптик мектеп ачылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, окуу жайы өлкөдө же чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жаштарга дистанттык билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга да ушундай мүмкүнчүлүк бар.

Догдуркүл Кендирбаева санариптик мектеп жакынкы эки жумада ишке кирерин белгиледи. Долбоорду Каржы министрлиги жактырды.

Эң көп окулган жаңылыктар