17:56
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

7-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Белинский» суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 7-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин М.Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар