17:11
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Билим берүү министрлиги жылдын мыкты мугалимин аныктады

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы. Назгүл Каныбекова «2024-жылдын мыкты мугалими» деп табылды

Бишкекте бүгүн, 4-октябрда «Жылдын мыкты мугалими -2024» республикалык сынагынын баш байгесин Ош мамлекеттик университетинин «Билим» мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды.Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сынактын шарты боюнча 1-орунду алган мугалимге Бишкек шаарынан батирдин ачкычы тапшырылат.

Республикалык сынакка жалпысынан 128 мугалим катышты.

Төмөндөгү мугалимдер жеңүүчү деп табылды.

- Баш байге – “Жылдын мыкты мугалими” - Каныбекова Назгүл Каныбековна;

- Мыкты башталгыч класстардын мугалими - Балтабаева Гүлнур Маматовна;

- Мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими – Рыскелдиева Атыркүл Зарлыковна;

- Мыкты орус тили жана адабияты мугалими – Алмаз кызы Мээрим;

- Мыкты математика мугалими – Жумукова Бүбүайша Жусуповна;

- Мыкты тарых мугалими – Заидов Азирет Манасович;

- Мыкты чет тил мугалими – Калтаева Чолпон Иманбековна;

- Мыкты география мугалими – Марат уулу Нуристан;

- “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мыкты мугалими – Көчкөнбаева Сайрагүл Амангелдиевна;

- Мыкты көркөм-сүрөт искусствосу мугалими – Байдалиев Мирзат Шаяхмедович.

Иш-чара Кара- Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар