Бишкекте өтуп жаткан үчүнчү Элдик Курултайда Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондорунан келген делегат Рахманжан Жолдошев президенттен суу сактагыч курууну суранды.
Ал белгилегендей, Кара-Үңкүр дарыясы Базар-Коргон району аркылуу агат. Ал аркылуу жылына 750-800 миллион куб суу агат.
«Биз бул сууну колдонбогондон кийин Өзбекстанга кетет. Ошондуктан Кара-Үңкүр дарыясына агып жаткан Жаз-Кечүү дарыясын тосуп, суу сактагыч курууну сунуштайм. Бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бар. Суу чарба кызматына өткөрүп бердик», — деди Рахманжан Жолдошев.
Ал белгилегендей, суу сактагычтын курулушу Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы жерлерди өздөштүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, балык чарбасын өнүктүрүү жана таза суу маселесин чечүүгө жардам берет.
Белгилей кетсек, Бишкекте үчүнчү Элдик Курултай өтүп жатат. Ага 698 делегат, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда. Мамлекет башчынын атынан эң улуу делегат 98 жашка чыккан Улукбек Эргешевге белек тапшырылды.