14:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Каржы министрлиги: Мектеп китептерин сатып алууга 8 миллиард сом талап кылынат

Мектеп китептерин сатып алуу үчүн 8 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Депутат Жылдыз Садырбаева окуу китептеринин жетишсиздиги маселеси жыл сайын жаралып, чечилбей жатканын белгиледи.

"Жыл сайын окуу китептерин сатып алууга 150 миллион сомдон 200 миллион сомго чейин каражат бөлөбүз. Мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кылуу үчүн 8 миллиард сом керектелет. Ал эми биз Билим берүү министрлиги менен биргеликте жакынкы үч жылда бул маселени чечүүнүн механизмдерин киргизип жатабыз. Балким, биз электрондук китептерди жана планшеттерди чыгарабыз. 8 миллиард сом аз акча эмес. Ошондуктан биз бул маселени этап-этабы менен чечип жатабыз",-дейт Алмаз Бакетаев.

Эң көп окулган жаңылыктар