17:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президенттик аппарат жалган жалаа үчүн 100 миң сом айып салууну сунуштады

Президенттик аппарат жалпыга маалымдоо каражаттарында жалган жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн 100 миң сомго чейин айып салууну сунуштады. Бул тууралуу тегерек столдо Маданият министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Салкын Сарногоева билдирди.

Журналист Семетей Аманбеков буга чейин жарыяланган мыйзам бузуулар үчүн жарандарга 7 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 23 миң сомго чейин айып салуу сунушталганын белгилеп, айып пулдун көлөмүн ким көбөйткөнүнө кызыкты.

Салкын Сарногоева коомдук талкуудан кийин жарандардан жазаны күчөтүү боюнча сунуш түшпөгөнүн белгиледи. «Муну мамлекет башчынын администрациясы киргизген окшойт, анткени коомдук талкуудан кийин мыйзам долбоору боюнча комментарийлерде мындай сунуштар болгон эмес», — деди ал.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын «демилгечилер мыйзам долбоорунан эмне күтөт?» — деген суроосуна Маданият министрлигинин кызматкери «бул эмнеге алып келерин азыр айтуу мүмкүн эмес», — деп жооп берди.

«Мен көтөрүлгөн тынчсызданууларды түшүнөм. Жарандардын кызыкчылыгын коргоо максатында мамлекет да мындай мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ. Балким, биз жазалардын пропорционалдуулугун эске алышыбыз керек. Эл жоопкерчиликти түшүнүп, социалдык тармактарда башаламандык болбосо, айып пулдар көп болмок эмес», — деди ал.

Эскерте кетсек, алар Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексти маалымат каражаттарында жалаа жабуу жана кемсинтүү боюнча берене менен толуктамакчы. Тиешелүү мыйзам долбоорун Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча турак-жай комитети кабыл алды. Кошумчаларга ылайык, жалган жалаа, кемсинтүүлөр үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар