18:15
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Зардалыда окуучулар кандай окушат? Билим берүү министрлигинин жообу

КР Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева буга чейин аткаминерлерди Зардалы айылындагы балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоого чакырган.

Тактап айтканда, жети бала окуган жергиликтүү мектепте окуу китептери, мугалимдер, ысык тамак жетишсиз болуп, 2022-жылы орнотулган Wi-Fi жабдыктары иштен чыгып, окуучуларды жана бүтүндөй айыл интернет желесине кире албай калганы айтылган. Айылда мобилдик байланыш жок.

Билим берүү жана илим министрлиги Зардалы айылындагы мектептеги абал боюнча Баткен районунун билим берүү башчысы Олжобай Мажилимовдун маалыматынын негизинде билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, айылда 10 түтүн калк жашайт. 2024-2025-окуу жылында 2-класста бир окуучу, 3-класста 3 окуучу билим алууда. Мектепте директор жана башталгыч класстарынын мугалими эмгектенет. Англис жана орус тил мугалими декретке чыкканына байланыштуу орун бош.

«Учурда окуу китептери менен камсыздоо боюнча маселе чечилди. Жол шарты катаал болгонуна байланыштуу мектепке жумасына 7-10 күндүк тамак-аш жеткирилип турат.

Айылда зым өткөрүүчү электр энергиясы жок болгондуктан интернет байланыш туташтырылган эмес. Айыл өкмөтү орноткон зымсыз интернет байланышы үчүн жабдыкты оңдоп-түзөө маселеси бар», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ал эми башталгыч мектепти бүткөндөн кийин окуучулар Кара-Бак жана Чет-Кызыл айылдарында билимдерин улантышары белгиленди

Эң көп окулган жаңылыктар