20:37
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстанда мектептерге жайкы эмгек практикасы кайтып келди

Кыргызстанда мектептерге жайкы эмгек практикасы кайтарылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына борбор калаанын билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу окуу жылы башталганга чейин (2024-жылдын 16-августу) чыккан.

Документке ылайык, жоопкерчиликтүү жарандын адеп-ахлактык сапаттарын тарбиялоо, жаратылышка жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо, эмгек жөндөмдөрүн калыптандыруу жана кесиптик кызыкчылыктарын өнүктүрүү максатында 5-8, 10-класстарда практика киргизилген. 9-11-класстарда мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация болгондуктан, бул иш аларга тиешелүү болбойт.

5-7-класстар үчүн 7 күндүк иш практикасы күнүнө эки академиялык сааттан, 8-класстар үчүн 2 сааттан 10 күндүк практика, 10-класстар үчүн 14 күндүк үч сааттык практика белгиленет.

 Иштердин тизмеси жана өндүрүштүк практиканын мөөнөттөрү аймактык жергиликтүү шарттарды эске алуу менен билим берүү уюмдарынын педагогикалык кеңеши тарабынан аныкталат.

Эмгек практикасы мектептин аймагында өтүшү керек. Балдарды айыл чарба жумуштарына тартууга жол берилбейт.

Ал эми жайкы эмгек практикасы 2017-жылы мектеп программасынан алынып салынган.

Эскерте кетсек, Билим берүү министрлигинин буйругу менен класстарды тазалоого орто жана жогорку класстын окуучулары тартыла баштаган. Министр Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мындай чечим окуучулардын жоопкерчилик сезимин жогорулатууга багытталган, ошондой эле аларды өзүн-өзү тейлөөгө, өзү окуган мектепке сыйлоого үйрөтүшү керек. Буга макул болбогондор техниктин эмгегин төлөй алышат

Эң көп окулган жаңылыктар