22:58
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

УКМК бир нече микрокредиттик компаниялардын кеңселерине мөөр басты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектеги бир нече микрокредиттик компаниялардын кеңселерине мөөр басты. Бул тууралуу маалыматты 24.kg басылмасына өздүк булактар ​​тастыкташты.

Алардын айтымында, «М Булак» жана «АБН» фирмаларынын кеңселеринде тинтүү иштери жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, компаниялар документтерди бурмалаган деп шектелүүдө.

Бир нече жылдан берки бухгалтердик китептер, компьютерлер жана башка документтер алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар