17:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Чет элдик жаран кыргызстандыктарды Орусияга мыйзамсыз иштетип келген

Чет элдик жаран кыргызстандыктарды Орусияга мыйзамсыз иштетип келген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет элдик жаран Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жаран тиешелүү уруксатысыз жана мыйзамдуу негиздери жок туруп, Россия Федерациясынын аймагында ар кандай курулуш объектилеринде ишке орноштурууну убада кылып, жалдоо иштерин жүргүзгөндүгү аныкталган.

«Мыйзамсыз ишке тартуунун уюштуруучусу социалдык тармактар ​​жана башка бейрасмий каналдар аркылуу жарандарды өзүнө тартып, мыйзамдуу жол-жоболорду сактабастан «тез» ишке орноштурууну сунуштап, адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирген. Учурда ага карата КРнын тышкы эмгек миграциясы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жумушка орношууну күтүп жаткан жарандарга консультациялык-укуктук жардамдар көрсөтүлдү», — деп кошумчалады башкармалык.

Министрлик жарандарды чет өлкөгө жумушка кирүүдөн мурун этият болуп, агенттиктин уруксаттарын текшерүүнү сунуштайт. Бул үчүн чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборуна кайрылуу же migrant.kg сайтына кирүүгө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар