04:25
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президент Садыр Жапаров Комуз күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма соз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улуттук дөөлөтүбүздүн өзөгүнө айланган Комуз күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Комуз — баа жеткис көркөм дөөлөтүбүз катары урпактан урпакка өтүп, кыргыз элинин музыка өнөрүн сактап, бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын сыймыгы болуп калды.

Садыр Жапаров 

 Элибиздин жашоо-турмушунун философиясын чагылдырган, улуттук демин даңазалаган дил кайрыгыбыз — комузубуздун дүйнөлүк маданиятта өзүнүн бийик орду бар.

Комуз жөн гана музыкалык аспап эмес, кыргыз элинин тарыхынын, көөнө маданиятынын жана урагыс биримдигинин белгиси!

Ата-бабаларыбыздын кайгы-кубанычынын тең ортоктошу, шаан-шөкөт салтанаттарында жан шериги болуп келген бул ыйык мурасыбыз азыр да жамы журтубузда чоң сүймөнчүк менен чертилүүдө. Доорлордун добушун жеткирип, көкүрөк-көөдөндү аралап өткөн комуз үнү кайсы заман болбосун, жарпыбызды жазып, жан дүйнөбүздү азыктандырып келет.

Кыргыз музыка өнөрүнө баа жеткис салым кошкон Ниязалы, Токтогул, Айдараалы, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Шекербек жана башка көптөгөн залкар комузчулардын ысымдарын сыймыктануу менен эскеребиз. Алардын бизге калтырган керемет чыгармалары үчүн ар дайым таазим кылабыз.

Азыркы тапта комуз күүсү заманбап композициялар менен төп келише жаңырып, таланты ташкындаган жаштарды жаратмандыкка шыктандырууда.

Урматтуу мекендештер!

Келиңиздер, кыргыз элинин бой тумарына айланган комузубузду жана комузга байланыштуу кылымдар бою жашап келген салттуу өнөрүбүздү колдоп-коштоп өнүктүрөлү. Келечек муундун комузга болгон шык-жөндөмүн, урмат-сыйын, атуулдук сезимдерин ойготолу.

Комуз майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Комуз үнү кылымдарга жаңыра берсин!».

Эң көп окулган жаңылыктар