12:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстандыктарга жүйөлүү себептерсиз Орусияга баруудан баш тартуу сунушталды

Кыргызстандыктарга жүйөлүү себептерсиз Орусияга баруудан баш тартуу сунушталды. Бул тууралуу Тышкы иштер иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Россиянын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгына байланыштуу, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россияга кирүү үчүн жүйөлүү негиздери жок болсо, Кыргызстандын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

Ошону менен бирге, зарыл болгон учурда Кыргызстандын жарандары тийиштүү жардам же консультация алуу үчүн элчиликтин төмөнкү телефондоруна кайрылса болот: +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047.

Эң көп окулган жаңылыктар