Эртең, 31-августта, Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда борбор калаанын «Ала-Тоо» аянты жана бир катар көчөлөрү автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, майрам күнү борбордун бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына маалы-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
31-августта төмөнкү көчөлөр жабык болот:
— Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүктөрү;
— Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.