16:13
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Эгемендүүлүк майрамында борбордогу коомдук транспорт түнкү экиге чейин иштейт

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында эгемендүүлүк күнүнө жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата көптөгөн майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин өткөрүлөт, андыктан коомдук транспорт түнкү экиге чейин жүрөт.

Мэрия майрамдык иш-чаралар өтө турган аймактарда тыгындарды болтурбоо үчүн, шаардыктарга жеке унаанын ордуна коомдук транспортто жүрүүнү сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар