20:29
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Эгемендүүлүк майрамы. Бишкек мэриясы жеке транспорттон баш тартууну суранат

Бишкекте 31-августта борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өтөт.

Мэрия шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун тыгындарды болтурбоо үчүн жеке унааларынан баш тартып, коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.

Эскерте кетсек, бул күнү транспорт каражаттарынын кыймылына чектөөлөр кайсы жерде киргизилет:

Чүй проспектиси, Ибраимова көчөсүнөн Тоголока Молдо көчөсүнө чейин;

Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголока Молдо көчөсүнө чейин;

Орозбеков жана Раззакова көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

жарым-жартылай Ибраимова көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, Ч.Айтматов жана Манас проспектилери менен Байтик Баатыр жана Абдрахмано көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет

Эң көп окулган жаңылыктар