Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 28-августта күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болууну эскертет.
«Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз, токтоосуз 112 кызматына чалыңыз», — деп айтылат маалыматта.