09:14
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

31-августта Ала-Тоо аянтындагы майрамдык концерт чыгымдарын демөөрчүлөр төлөйт

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтында демөөрчүлөрдүн эсебинен майрамдык концерт уюштурулууда. Бул тууралуу 24.kgге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында ата мекендик жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда гала-концерт өтөт. Чоң концертке Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Боссон (миллиондо бирөө хитинин автору) жана италиялык ырчы жана композитор IN-GRID катышат.

Басма сөз кызматы алар артисттердин гонорарын билбей турганын баса белгиледи. Кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Эң көп окулган жаңылыктар