Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков УКМКда күбө катары суракка алынды. Бул тууралуу ал атайын кызматтын имаратынан чыгып баратканда билдирди.
Эл өкүлү бул иштин чоо-жайын айта албасын, бирок сурак 2015-жылдан 2019-жылга чейин өзү жетектеген «Ыйман» фондунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин белгиледи.
«Мен иштин чоо-жайын ачыкка чыгарбоо боюнча документке кол койдум. Мен эч нерсе айта албайм», — деди Нуржигит Кадырбеков.