07:27
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков УКМКда сурак берүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берүүдө.

Ал мамлекеттик комитеттин имаратына кирип бара жатып, журналисттерге чакырык 2015-жылдан 2019-жылга чейин өзү жетектеген «Ыйман» фондунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтты.

"Мен апамдын көрүшүн каалабайм. Текшеришсин, суроо беришсин, мен тынчмын. Финансы жагынан эч кандай көйгөйлөр болгон эмес. Алты жыл өттү, кайсы документтер калды, кайсынысы жок, билбейм. Бирок биз баарын мыйзам чегинде жасадык", -дейт Нуржигит Кадырбеков.

Ал УКМКга адвокатсыз келгенин баса белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламентарийдин чакыруусу боюнча комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар