12:36
USD 87.45
EUR 102.60
RUB 1.09

Париж-2024: Амантур Исмаилов алгачкы атаандашын жеңди

Кыргызстандык балбан Амантур Исмалов Париждеги Олимпиада оюндарын жеңиш менен баштады.

Ал бүгүн, 7-августта грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Кыргызстандык балбан 1/8 финалдык баскычта грузиялык Рамаз Зоидзе менен беттешип, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти.

Белгилей кетсек, чейрек финалдык беттештер да бүгүн эле өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар