14:18
USD 87.45
EUR 102.60
RUB 1.09

Париж-2024: Акжол Махмудов алгачкы атаандашын жеңди

Францияда өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов чейрек финалга чыкты.

Акжол Махмудов бүгүн, 6-августта Париждеги Олимпиада оюндарында мелдештерин баштады. Ал 77 кг салмак ченинде 1/8 финалда алгачкы беттешин өткөрдү.

Анда америкалык Камал Амир Бэй менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздады. Эми Акжол Махмудов чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашат.

Эң көп окулган жаңылыктар