13:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөрүүсүз калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөрүүсүз калтырды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, май айынан тартып Кыргызстанда инфляция орточо маанилерде сакталып турат. 2024-жылдын июль айында жылдык инфляция көрсөткүчү 4,2 пайызды түздү.

«Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын жылдык өсүш арымы 0,6 пайыз, азык түлүктөн башка товарларга — 7,4 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө — 6,8 пайыз деңгээлинде калыптанды.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономикалык субъекттердин жогору керектөө жана инвестициялык жигердүүлүгү өлкөнүн экономикасынын 8,1 пайызга өсүшүн шарттады. ИДӨнүн жогору өсүш арымы курулуш жана кызмат көрсөтүү секторлорунун кыйла жогорулашынын натыйжасында түптөлдү. Мында калктын айкын кирешесинин жана акча которууларынын таза агымынын өсүшү ички керектөөнүн артышына дале таасирин тийгизүүдө», — деди ал.

Ошондой эле Мелис Тургунбаев өлкөнүн банк секторунун абалы туруктуу жана жогору ликвиддүү бойдон калып жатканын айтты.

«Экономиканы кредиттөө 6 айда 9 пайызга өскөндүгү байкалды, алар негизинен калкка керектөө максаттарына берилген. Улуттук банк пайыз саясатын жеңилдетишинин натыйжасында, 2024-жылдын апрель айынын акырынан тартып банктар аралык акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер төмөндөгөндүгү байкалган, алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чендеринин төмөн чегинде калыптанган» , — деп белгиледи Улуттук банктын төрагасы.

Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларына баа берүүдө өтүп жаткан жылдын акырына карата жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч — 5-7 пайыз чегинде калыптанышы белгиленген. Дүйнөлүк азык түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүлмөлүүлүгүн жана мамлекеттин тариф саясатын планга ылайык өзгөртүлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле калктын инфляциялык күтүүлөрүн андан ары төмөндөтүү максатында Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүн 9% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алган.

Бул чечим Улуттук банктын өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган акча-кредит саясатынын багытына туура келери айтылды.

Улуттук банк тышкы жана ички инфляция факторлоруна баа берип турат жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен кылдат акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда.

«Улуттук банк кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт», — кошумчалады Тургунбаев.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки план чегинде отуруму 2024-жылдын 26-августунда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар