20:24
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Жалал-Абад маданият техникумунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 23-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда кармалган жаран КР УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар